Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы
2013-жылдын 18-февралы № 8/6
Сон-Көл орто мектебинин актовый залын капиталдык ремонттон
өткөрүү боюнча түрткү берүүчү грантка долбоор өткөрүү жөнүндө
Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сон-Көл орто мектебинин актовый залы капиталдык ремонттон өткөрүүгө, өздүк салымы үчүн 5 пайыздык 89 миң сом Сон-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнгөн каражатты төлөп берүү жагы Сон-Көл айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Р.Калманбетовага милдеттендирилсин.
3. Калган 5 пайыздык 89 миң сомдук жумушту аткарып берүү, ашар жолу менен уюштуруп берүү жагы Сон-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы У.Аймановго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сон-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы У.Аймановго жүктөлсүн.
Сон-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Байбостонов |