Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы
2013-жылдын 18-февралы № 8/7
Сон-Көл айыл өкмөтүнүн 2014-2017 жылдарга карата түзүлгөн “Жол картасын” бекитүү жөнүндө
Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенешинин V-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы Сон-Көл айыл аймагынын 2014- 2017-жылдага карата түзүлгөн экономикалык стратегиялык өнүктүрүү “Жол картасынын” долбоорун угуп жана талкуулап Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сон-Көл айыл аймагынын 2014-2017-жылдарга карата түзхүлгөн экономикалык –стратегиялык өнүктүрүү “Жол картасы” бекитилсин.
2. Жол картасында жазылган маселелерди турмушка ашыруу максатында иш аракеттерди көрүү айыл өкмөтүнүн башчысы У.Аймановго жана тийешелүү мекеме жетекчилерине тапшырылсын.
3. “Жол картасында “ жазылган маселелердин ишке ашырылышы боюнча жыл жыйынтыгында айылдык Кенешке маалымат берүү жагы Сон-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы У.Аймановго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сон-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы У.Аймановго жүктөлсүн.
Сон-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Байбостонов |