Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VIII сессиясы
2013-жылдын 18-февралы № 8/9
Айылдагы майда дүкөнчөлөргө арак сатууну тыюу салуу жөнүндө
Сон-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы У.Аймановдун Кочкор райондук администрациясынын 11.02.2014-жылдагы № 161-каты боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сон-Көл айыл аймагында 20-апрель 2014-жылдан баштап спирт ичимдиктерин сатууга тыюуу салынсын.
2. Спирт ичимдиктерин сатууга тыюуу салуу боюнча жалпы Төлөк элине маалымдалгандыгы жана жалпы элдин колдогондугу белгиленсин.
3. 20-апрелден кийин спирт ичимдиктерин сатып кармалган атуулдарга төмөндөгүдөй айып өлчөмү бекитилсин: Биринчи жолу кармалса-1000 сом. Экинчи жолу кармалса -3000 сом. Үчүнчү жолу кармалса -5000 сом.
4. Штраф төлөөдөн баш тарткандар жалпы элге салынып,болбосо орган тарабынан өндүрүлөөрү эскертилсин
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнө,депутаттарга,участкалык милиционерге,коомдук уюмдарга тапшырылсын.
Сон-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Байбостонов |