Загрузка документа…
СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сон-Көл айылдык Кеңешинин V чакырылышынын IX сессиясы
2013-жылдын 3-июлу № 9/4
Сон-Көл айыл аймагындагы телестанцияга арендага жер берүү жөнүндө
Сон-Көл айыл аймагында жайгашкан телестанциянын күч берүүчү аттарына тоют топтоо үчүн жер аянтын сурап жазган арызын карап чыгып талкуулап Сон-Көл айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сон-Көл айыл өкмөтүнө караштуу Чон Сары-Булак участкасынан 3 (үч) га айдоо жер 7 (жети) га чабынды жер 3(үч) жылдык мөөнөткө арендага берилсин.
2. Ар бир га жер үчүн 1000 (мин) сомдон аренда акысы алынсын.
3. Ар жылы октябрь айында 10 000 (он мин) сом өлчөмүндө аренда акысы Сон-Көл айыл өкмөтүнүн эсебине төгүлүп турулсун.
4. Аренда акысынын ар бир кечиккен айы үчүн 1 % туум төлөнүп берилсин.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Аймановго тапшырылсын.
Сон-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Байбостонов |