Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-майы № 1
Жазгы айдап себүү иштери жана малчыларды көчүрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык Кенештин төрагасы Н.Мусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгы айдап себүүгө карата кызмат көрсөтүү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Айдоо 1000 сом
Тырмоо 300 сом
Себүү 300 сом
Шакап тартуу 100 сом
2. Малчылар 2014-жылдын 5-майынан баштап ички жайытка көчүрүлсүн,
1-июндан баштап ортонку жайыттарга көчүрүлсүн.
3. Корук мезгилинде айдоого мал түшсө бодо башына 100 (жүз) сом, кой-эчкиге 10 (он) сомдон айып төлөнсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыровго милдеттендирилсин.
Эмгекчил айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Мусаев
|