Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-июлу № 2
Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата
калдык акча каражатын пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата 490 700 (төрт жүз токсон мин жети жүз) сом калдык акча каражатын Yч-Чат каналынын долбоорун чийдирүү үчүн пайдалануу багытын аныктоо боюнча Эмгекчил айылдык Кенешинин бюджет,финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Жолочиеванын сунуштарынын негизинде Эмгекчил айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2014-жылга карата 490 700 (төрт жүз токсон мин жети жүз) сом калдык акча каражатын
Yч-Чат каналынын долбоорун чийдирүү үчүн берилсин.
АУП ст. 22154900 - 490 700 (төрт жүз токсон мин жети жүз) сом;
2. Калган акча каражаты Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебинде калтырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыровдон суралсын.
Эмгекчил айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Мусаев
|