Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-июлу № 3
Эмгекчил айылынын тургуну Исмаилов Маратбек Боромбаевичтин арызы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенештин төрагасы Н.Мусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арыз ээси Исмаилов Маратбек Боромбаевичтин арызы канааттандырылсын.
2. Эмгекчил айылынын кире беришине арыз ээсинин атасы Исмаилов Боромбайдын ысымы «Боромбай ата» эс алуу жайына берилсин.
3. «Боромбай ата» эс алуу жайынын бардык уюштуруу иштерин, курулушун куруу,көрктөндүрүү,жашылдандыруу, тазалоо ж.б иштерди аткаруу жагы Исмаилов Маратбек Боромбаевичке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыровго тапшырылсын.
Эмгекчил айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Мусаев
|