Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-августу № 2
Эмгекчил айылынын дан эгиндерин чөпкө которуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Эмгекчил айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы Н.Мусаевдин билдирүү жасап төмөндөгүлөргө токтолду.
Жазгы айдап себүүдө жалпысынан 298 га жер аянты айдалган.Мунун ичинен 21га буудай, 277га арпа себилген,суу жетишсиз, кургагчыл болгондугуна байланыштуу, күзгү оруп жыюуда көпчүлүк дыйкандардын дан эгиндери начар болуп, жалпы 81 га мунун ичинен 11га буудай, 70 га арпа тоютка чабылгандыгы белгиленди жогорудагыларды угуп жана талкулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аба-ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу кургакчыл болгондуктан 11га буудай, 70 га арпа дан эгини тоютка чабылсын.
2. Дыйкандардын тоютка чабылган дан эгиндеринин аянты такталсын. (тизме тиркелет)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыровго милдеттендирилсин.
Эмгекчил айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Мусаев
|