Редакцияот 18.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эмгекчил айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIV сессиясы

 

2014-жылдын 18-октябры № 2

Эмгекчил айылынын тургундарына

Эмгекчил айылынын «Ардактуу атуулу» наамын  берүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык Кенештин төрагасы Н.Мусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эмгекчил айылынын өсүп-өнүгүүсүнө зор салымын кошкондугу жана  күжүрмөн эмгегин жумшагандыгы үчүн Эмгекчил айыл аймагынын  «Ардактуу атуулу» наамы төмөндөгү жарандарга берилсин.(тизме тиркелет)

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыровго милдеттендирилсин.

 

Эмгекчил айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Мусаев