ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Эмгекчил айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XIV сессиясы
2014-жылдын 18-октябры № 3
Деркенбаева Гүлнур Казыбековнанын арызы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Эмгекчил айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы Н.Мусаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгекчил айылынын атуулу Деркенбаев Казыбек Асанович өмүрүнүн акырына чейин айыл эли үчүн жана Нарын районунун өсүп-өнүгүүсү үчүн кошкон зор салымын баалап Эмгекчил айылындагы «Боз-Бешик» көчөсүнө Деркенбаев Казыбек Асановичтин ысымы берилсин.
2. Бул көчөнү ондоп-түздөө,жашылдандыруу көрктөндүрүү,ирээтке келтирүү,табличкаларын илүү жагы Деркенбаев Казыбектин балдар-кыздарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыровго милдеттендирилсин.
Эмгекчил айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Мусаев
|