Загрузка документа…
ЭМГЕКЧИЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-ноябры № 1
Эмгекчил айылынын баштапкы планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Эмгекчил айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыров билдирүү жасап төмөндөгүлөргө токтолду.
Эмгекчил айылынын баштапкы планына өзгөртүү киргизүү үчүн айылдын элинен сунуш түшүп жатат.Себеби колхоздун убагында салынган авто. гараж,кампа,мех парк,МТФ иштебей тургандыктан өз сапатын жоготуп кайрадан ушул жерлерге төмөндөгү көрсөтүлгөн курулуш обьектилерин иштетүүгө туура келип жатат.
1. Авто.гараж менен кампаны-телевизор ондоочу жай,вулканизация,бут кийим ондоочу жай жана элге маданий кызмат көрсөтүүчү ишканалар менен алмаштыруу керек.
2. Мех паркка –келечекте жаштар үчүн эки кабаттуу тамдар,үйлөр салыныш керек.
3. МТФ- кичи өндүрүштүк жана жүндү кайра иштетүүчү цехтер менен алмашылат, жогорудагыларды угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авто.гараж менен кампа-телевизор ондоочу жай,вулканизация,бут кийим ондоочу жай жана элге маданий кызмат көрсөтүүчү ишканалар менен алмаштырылсын.
2. Мех парка –келечекте жаштар үчүн эки кабаттуу тамдар,үйлөр курулсун.
3. МТФ- кичи өндүрүштүк жана жүндү кайра иштетүүчү цехтер менен алмаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кылжыровго милдеттендирилсин.
Эмгекчил айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Мусаев
|