Загрузка документа…
КОЧКОР РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты №12/78
Кочкор районунун 2009-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын отчетун бекитүү жөнүндө
Кочкор районунун 2009-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө Кочкор райондук финансы бөлүмүнүн башчысы Т.Кулманбетовдун отчетун, райондук Кенештин экономика, финансы, бюджет жана салык, чакан бизнести өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Биялиеванын кошумча билдирүүсүн, депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап Депутаттардын Кочкор райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор районунун жергиликтүү бюджетинин 2009-жылга отчету кирешелери боюнча 152761,4 миң сом, жана чыгашалар 151290,1 миң сомго аткарылганы белгиленсин. Жыл аягында калган калдык 2109,3 миң сом, мунун ичинен атайын каражаттардын калдыгы 232,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Депутаттардын Кочкор райондук Кеңешинин төрагасы |
Э. Темиров |