Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-январы № 13/4
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылынын тургуну Чолпонбаев Бактыбектин арызын канааатандыруу жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылынын тургуну Чолпонбаев Бактыбектин арызын угуп жана талкуулап К.Белекбаев атындагы Алай айыл Кеңешинин V чакырлышынын XIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылынын тургуну Чолпонбаев Бактыбектин арызы канаатандырылсын .
2. Мамакова Маликенин ысымы 1997-жылы сентябрь айында Сопу-Коргон айылындагы Алай көчөсү Мамакова Малике көчөсү болуп өзгөрүлтүлгөндүгү анык.
3. 1997-жылдагы Мамакова Маликенин ысымы коюлган чечим архивтен табылгандыгына байланыштуу 2015-жылдын 29-январь күнкү сессиясында кайрадан чечим чыгарып берүү жагы каралсын .
4. Мамакова Маликенин ысымы коюлганы анык .Алай көчөсү Мамакова Малике көчөсү болуп аталсын .
5. Ушул токтомдун аткарышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрайымы Ч.Канкиевага милдеттендирилсин .
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ч. Канкиева
|