Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-январы № 13/5
Алай районундагы Алай өз алдынча баланстагы
токойчулугунун Алай токой чарбасы статусуна которуу жөнүндө
Алай районунун аймагында Алай өз алдынча баланстагы токойчулугуна караштуу жалпы аянты 130169,3 гектарды түзгөн Гүлчө, Алай, Бүлөлү мастердик учаскалары жайгашкан. Жер аянты боюнча Ош облусундагы токой чарбалардын ичинен эң ириси болуп эсептелет.
Алай өрөөнүндөгү токой тилкелеринин сакталышына, ийне жалбырактуу арча карагай көчөттөрүн өстүрүүгө, питомниктердеги көчөттөрдүн ар түрдүүлүгүн жана санын көбөйтүүгө өбөлгө түзүү райондун аймагындагы экологиялык абалды турукташтыруу жана токой тармагындагы иштерди жакшыртуу максатында К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин V кезектеги чакырылышынын XIII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун аймагындагы Гүлчө, Алай, Бүлөлү мастердик учаскаларын жана жээкти бекемдөөчү Гүлчө дарыя бойлорундагы токой тилкелеринин базасында Алай токой чарбасын түзүүгө макулдук берилсин.
2. Бул чечимди бекитип берүү жагы К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Кайыровдон суралсын.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ч. Канкиева
|