Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-январы № 13/7
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешине эмгек ардагери
Шадыбеков Маликтин өтүнүчүн канааттандыруу жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин отуруму Шадыбеков Маликтин өтүнүчүн эске алып Согуштун жана эмегектин ардагери Акматов Шадыбектин бюстун Улуу ата Мекендик согуштагы жеништин 70 жылдыгына карата жана жаш муундарды патриоттук духка тарбиялоо максатында
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эмгек ардагери Шадыбеков Маликтин өтүнүчү канааттандырылсын.
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн кеңсесинин алдындагы Согуш ардагерлерине арналып тургузулган эстелик монументинин жанына Согуштун жана эмгектин ардагери Акматов Шадыбектин бюсту Улуу жеңиштин 70 жылдыгына карата коюлсун жана өз каражатынын эсебинен тургузууга уруксат берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жана Алай райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынан суралсын .
4. Тиешелүү жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Машаевге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө Айылдык Кеңештин социалдык маселелерди кароо боюнча туруктуу комиссиясысынын төрагасы К.Жусупбековго милдеттендирилсин .
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ч. Канкиева
|