К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIV сессиясы
2015-жылдын 16-февралы № 14/3
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жыйынтыгы жана 2015-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн программасын бекитүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жыйынтыгы жана 2015-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн программасын талкуулап жана аларды ишке ашыруу максатында К.Белекбаев атындагы Алай айыл кеңешинин V чакырылышынын XIV отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2014-жылы социалдык экономикалык өнүгүү боюнча аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2015-жылга социалдык экономикалык өнүгүүнүн программасы жактырылсын жана бекитилсин .
3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жыйынтыгы жана 2015-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн программасын ишке ашыруу максатында Алай айыл өкмөтү төмөндөгүлөргө милдеттендирилсин .
4. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын жыйынтыгы жана 2015-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн программасынын иш чараларын иштеп чыксын жана аны ишке ашырсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрайымына жана туруктуу комиссиянын төрагаларына жүктөлсүн .
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ч. Канкиева
|