Загрузка документа…
КОЧКОР РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-марты №12/79
Кочкор районунун 2011-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2012-2013 жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоору жөнүндө
Кочкор районунун 2011 жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2012-2013-жылдарга болжолдуу бюджетинин долбоору жөнүндө райондук финансы бөлүмүнүн башчысы Т.Кулманбетовдун докладын, депутаттардын Кочкор райондук Кеңешинин экономика,финансы, бюджет жана салык, чакан бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын кошумча маалыматын жана Депутаттардын сунуштарын, пикирлерин угуп жана талкуулап, Депутаттардын Кочкор райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2011-жылга Кочкор районунун жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү жалпысынан 19400,1 миң сом, мунун ичинен жергиликтүү бюджетке түшүүчү кирешелер 6480,0 миң сом, категориалдык грант 3123,5 миң сом, тендештирүүчү грант 9796,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.2011-жылга райондун жергиликтүү бюджеттин чыгашалары финансы министрлигинен алына турган категориалдык жана тендештирүүчү гранттардан жана райондук жергиликтүү бюджеттен түшө турган кирешелердин эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
Аталышы | Сумма | м.и атайын каражат |
Кирешелер |
|
|
Жөнгө салуучу кирешелер | 6320,0 |
|
Бекитилген кирешелер | 160,0 |
|
Категориалдык грант | 3123,5 |
|
Тендештирүүчү грант | 9796,6 |
|
Баары | 19400,1 |
|
Чыгашалар |
|
|
Башкаруу аппаратына | 6294,7 |
|
Аскер комиссариаты | 281,4 |
|
ЖКХ | 300,0 |
|
Агартуу | 5327,6 |
|
Маданий иш чараларга | 3711,4 |
|
Мунун ичинен дене тарбия спорт | 150,0 |
|
Редакция | 180,0 |
|
Социалдык жардам | 3485,0 |
|
Баары | 19400,1 |
|
3.Республикалык бюджеттен айыл округдарынын бюджеттерине берилүүчү категориалдык гранттардын суммалары төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ | Айыл округдун аталышы | Суммасы |
1 | Ак-Кыя | 4368,7 |
2 | Кош-Дөбө | 4101,4 |
3 | Кум- Дөбө | 9548,3 |
4 | Кочкор | 21201,9 |
5 | Кара-Суу | 9662,7 |
6 | Семиз-Бел | 4815,1 |
7 | Сары-Булак | 2094,2 |
8 | Сон-Көл | 1473,1 |
9 | Көк-Жар | 2248,3 |
10 | Талаа-булак | 5101,4 |
11 | Чолпон | 13121,6 |
| Баары | 77736,7 |
4.Республикалык бюджеттен айыл округдарынын бюджеттерине берилүүчү тендештирүүчү гранттардын суммалары төмөндөгүдөй бекитилсин
№ | Айыл округдун аталышы | Суммасы |
1 | Ак-Кыя | 1663,8 |
2 | Кош-Дөбө | 1235,3 |
3 | Кум-Дөбө | 2667,0 |
4 | Кочкор | 2234,6 |
5 | Кара-Суу | 2462,9 |
6 | Семиз-Бел | 1703,0 |
7 | Сары-Булак | 1532,3 |
8 | Соң-Көл | 1643,9 |
9 | Кок-Жар | 1061,4 |
10 | Талаа-булак | 1666,6 |
11 | Чолпон | 2577,7 |
| Баары | 20448,5 |
5.Айыл округдарынын өздөрүнүн кирешелери төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
№ | Айыл округдун аталышы | Суммасы |
1 | Ак-Кыя | 1333,4 |
2 | Кош-Дөбө | 643,0 |
3 | Кум-Дөбө | 1560,0 |
4 | Кочкор | 7624,0 |
5 | Кара-Суу | 1270,3 |
6 | Семиз-Бел | 1097,2 |
7 | Сары-Булак | 308,5 |
8 | Соң-Көл | 253,8 |
9 | Көк-Жар | 446,9 |
10 | Талаа-булак | 917,7 |
11 | Чолпон | 1187,9 |
| Баары | 16642,7 |
6.Мунун ичинен атайын каражаттарынын суммалары төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ | А/О аталышы | Атайын каражаттын жалпы суммасы | Мунун ичинен | |
Мам кызмат | агартуу | |||
1 | Ак-Кыя | 110,0 |
|
|
2 | Кош-Дөбө | 170,0 |
|
|
3 | Кум-Дөбө | 114,0 |
|
|
4 | Кочкор | 743,0 |
|
|
5 | Кара-Суу | 48,4 |
|
|
6 | Семиз-Бел | 60,0 |
|
|
7 | Сары-Булак | 3,0 |
|
|
8 | Сон-Көл | 5,0 |
|
|
9 | Кок-Жар | 10,5 |
|
|
10 | Тала-Булак | 37,6 |
|
|
11 | Чолпон | 38,5 |
|
|
| Баары | 1340,0 |
|
|
7.2012 жылга болжолдуу киреше 132730,9 миң сом, мунун ичинен категориалдык грант 80860,2 миң сом, теңдештирүүчү грант 27136,6 миң сом жана жергиликтүү салыктардан түшүүчү акча каражаты 24734,7 миң сом. Мындан 2011 жылга салыштырмалуу тендештирүүчү грант 10,28 % азайган ал эми салыктар 7% ке өскөн. Ал эми чыгаша жагы 132730,9 миң сом. 2013 жылга болжолдуу киреше 131610,3 миң сом мындан категориалдык грант 80860,2 миң сом, теңдештирүүчү грант 25215,4. миң сом. Жергиликтүү салыктардан түшүүчү акча каражаты 25534,7 миң сом, 2011 жылга салыштырмалуу теңдештирүүчү грант 16,63% азайган, ал эми салыктар 9,5%ке көбөйгөн. 2013 жылдын чыгашалар бөлүгү 131610,3 миң сом болуп белгиленсин.
8.Транспорт салыгы, мамлекеттик пошлина жана атайын каражаттары боюнча республикадан берилген пландар жыл аягына чейин аткарылбай калышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен жыл ичинде салыктарга өзгөртүү киргизип берүү жагы суралсын.
9.2010 жылга бюджеттин тартыштыгына байланыштуу жыл башына бош калган каражаттан Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө 100,0 миң сом, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кочкор райондук бөлүмүнө 100,0 миң сом жана Кочкор сууканал ишканасына 50,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
10.Бөлүнүп берилген чыгымдардын сметаларын, бюджеттерин түзүп, эки жумалык мөөнөттө райондук финансы бөлүмүнө тапшыруу райондук мекемелеринин эсепчилерине милдеттендирилсин.
11.Райондогу он бир айылдык округдук Кеңеште айыл округдарынын бюджеттеринин киреше бөлүгүнүн абалына, жергиликтүү шартты, калктын санын, тейлөөнүн абалын эске алуу менен Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын атынан сунуш кылынып жаткан айылдык бюджеттерин райондук финансы бөлүмүнүн сунуштарын эске алуу менен өз сессияларында бекитилсин.
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына жана Кочкор райондук финансы бөлүмүнө тапшырылсын.
Депутаттардын Кочкор райондук Кенешинин төрагасы |
Э.Темиров |