Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 15/2
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылындагы №22 Көлдүк Жеткинчек балдар бакчасынын айланасын тосууга кеткен акча каражатынын, өздүк салымдын суммасын бекитүү жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көлдук айылындагы №22 Көлдүк Жеткинчек балдар бакчасынын тиешелүү документтерин карап чыгып жана талкуулап К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин V чакырылышынын XV кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Көлдүк айылындагы №22 Көлдүк -Жеткинчек балдар бакчасынын айланасын тосууга кеткен өздүк салымын 19061 (Он тогуз миң алтымыш бир ) сомду айыл өкмөтүндөгү өздүк кирешенин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү документтерди токтоо жагы №22 Көлдүк - Жеткинчек балдар бакчасынын директоруна жүктөлсүн.
3. Бекитилген акча каражатын өз мезгилинде төгүү жагы К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ч. Канкиева
|