Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 15/3
Улуу Ата Мекендик Согуштун 70 жылдыгына карата маданий баалуулуктары сактоо жөнүндө
«Улуу Ата Мекендик Согуштун 70 жылдыгына карата маданий баалуулуктарын сактоо» максатында К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин V чакырылышынын XV кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. « Улуу Ата Мекендик Согуштун 70 жылдыгына карата согушка катышып, жеңиш менен келип, каза болгондордун аттарын түбөлүккө сактоо үчүн райондун борборундагы Жеңиш аянтына Согушка катышыш,кайтпай курман болгон атуулдардын тизмелерин жаздыруу үчүн чаралар көрүлсүн.
2. Алардын тизмелерин тактоо жана иш алып баруу айыл өкмөтүнүн ВУС инспектору К.Эшмаматовго милдеттендирилсин.
3. Сарпталуучу акча каражаттарын табуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Тажибаевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кайыровго милдеттендирилсин.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ч. Канкиева
|