Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-марты № 15/4
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын арызын канааттандыруу максатында
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын арызын канааттандыруу максатында К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин V чакырылышынын XVI кезексиз отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын арызын канааттандыруу максатында өздүк кирешенин эсебинен малдын саны көбөйүп 1 ветеринардык кызматкер жетише албай жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын № 383 № 384 28.06.2013-жылдагы токтомуна ылайык штаттык түзүмүнүн негизинде 1 штат бекитилип берилсин.
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө 6 айлык мөөнөт менен келишимдин негизинде Беделов Алайбек ветеринардык адис болуп жумушка кабыл алынсын.
3. Айлык маянасы жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кайыровго милдеттендирилсин.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ч. Канкиева
|