Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № 17/1
К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучуларынын жакындарынын, уул, кыздарынын арыздарын канаатандыруу жөнүндө
К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучуларынын жакындарынын, уул, кыздарынын арыздарын канаатандыруу максатында К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХVII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. К. Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучуларынын жакындарынын, уул, кыздарынын арыздары канаатандырылсын .
2. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн кеңсесинин алдындагы Согуш ардагерлерине арналып тургузулган эстелик монументинин жанына Согуштун ардагерлерин бюсттары Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата коюлсун жана өз каражатынын эсебинен тургузууга уруксат берилсин .
3. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө , Алай райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Тиешелүү жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Машаевге жүктөлсүн .
5. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө Айылдык Кеңештин социалдык маселелерди кароо боюнча туруктуу комиссиясысынын төрагасы К.Жусупбековго милдеттендирилсин.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ч. Канкиева
|