Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № 17/3
Айыл өкмөтүнө караштуу тиешелүү айылдардагы таза суу
пайдалануучулардын суу төлөмдөрүнүн акысы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХVII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таза суу пайдаланып, баня жагуучулар үчүн 300 осм (Үч жүз сом) төлөнсүн (ай сайын)
2. Үйүнө киргизгендер үчүн 100 сом (жүз сом) төлөнсүн (ай сайын)
3.Үйгө суу түтүгүн киргизүү үчүн айыл өкмөттөн жана айыл өкмөтүнө караштуу тазалык ишканасынан уруксат алуу үчүн 300 сом (Үч жүз сом) төлөнсүн . Уруксат албай киргизгендер үчүн мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
4. Элдерден акча чогултуу үчүн квитанция берилсин жана чогултулган акча боюнча ай сайын отчет берилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл башчыларга жана айыл өкмөттүн башчысына, этика мыйзамдуулук комиссиясына жүктөлсүн.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ч. Канкиева
|