Загрузка документа…
К. БЕЛЕКБАЕВ АТЫНДАГЫ АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-майы № 17/4
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылына Б.Матисаковдун турак үйү келишимдин негизинде балдар бакчасын ачуу жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХVII отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жерге-Тал айылына Б.Матисаковдун турак үйү келишимдин негизинде 30 орундуу балдар бакчасы ачылсын.
2. Балдар бакчасын ачуу үчүн керектүү документтерин даярдоо жана юридикалык каттоодон өткөрүү жагы жаңы дайындалган балдар бакчасынын директоруна милдеттендирилсин .
3. Бакчага тиешелүү чыгымдарынын расчетторун түзүү өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Тажибаевке тапшырылсын.
4. Ачууга көмөк көрсөтүү жагы Райондук билим берүү жана финансы бөлүмдөрүнөн суралсын.
5. Юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жагы жүргүзүүчү органдан суралсын.
6. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кайыровго милдеттендирилсин.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ч. Канкиева
|