Загрузка документа…
КОЧКОР РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылынын 30-марты №12/80
Депутаттардын Кочкор райондук Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын каттоо тартиби жөнүндө Жобосун бекитүү жана ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булагын аныктоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында Депутаттардын Кочкор райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Депутаттардын Кочкор райондук Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын каттоо тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин. (Жобо тиркелет)
2.Депутаттардын Кочкор райондук Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булагы болуп райондук «Эмгек Туусу» газетасы белгиленсин.
3.Райондук Кеңештин аппараты ушул токтомду, ушул токтом менен бекитилген Жобого ылайык каттоодон өткөрсүн.
4.Ушул токтом тиркемеси менен мамлекеттик жана расмий тилде «Эмгек Туусу» газетасына расмий жарыялансын.
5.«Эмгек Туусу» газетасында расмий жарыяланган күнү райондук Кеңештин аппараты тарабынан эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагы көрсөтүлүү менен Нарын облустук юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
7.Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Депутаттардын Кочкор райондук Кенешинин төрагасы |
Э.Темиров |
| Депутаттардын Кочкор райондук Кенешинин 2011 -жылдын 30- мартындагы №-12/80 токтому менен бекитилген |
Депутаттардын Кочкор райондук Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын
каттоонун тартиби жөнүндө
ЖОБО
1.Депутаттардын Кочкор райондук Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары- жобо) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан.
2.Райондук кенештин ченемдик укуктук актылары өздөрүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан өз компетенңиясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынат. Райондук кенештин ченемдик укуктук актылары (мындан ары - ченемдик укуктук актылар) токтом түрүндө чыгарылат жана аларга Райондук кенештин торагасы кол коет.
3.Ченемдик укуктук актыларды төмөнкү каттайт:
1) Депутаттардын Кочкор райондук кенешинин аппараты.
4.Укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, граждандардын жана граждандыгы жок адамдардын укук нормаларын камтыганжана граждандык, саясий, социалдык-экономикалык жана башка укуктарын, эркиндигин жана милдеттерин (алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укук актьшарында бекемделген ишке ашырылыш гарантияларын, укуктарды, эркиндикти жана милдеттерди) козгогон Райондук кенештин ченемдик укуктук актылары катталат.
Ченемдик укуктук актыларды каттоо ага каттоо номерин ыйгаруу (каттоо № 2010-1, бул жерде 2010- кабыл алынган жыл, ал эми 1- болсо ченемдик укуктук актыларды каттоо жөнүндө журналдагы тартиби боюнча номуру) жана алардын төмөнкүдөй реквизиттери көрсөтүлүү менен ченемдик укуктук актыларды каттоо жөнүндө журналга жазуу жолу менен ишке ашырылат: ,
1.актынын түрү көрсөтүлөт;
2.ченемдик укуктук актыны кабыл алган органдын аталышы;
3.ушул ченемдик укуктук акты жөнгө салуучу предметти билдирген аталыш;
4.кабыл алынган жер жана кун;
5.каттоо номуру.
6.ченемдик укуктук актыга кол койгон жактын Ф.А.А.
5.Мамлекеттик каттоого төмөнкүлөр алынбайт:
а) төмөнкүдөй жекече укук актылары:
- жекече мүнөздегу (кызматка дайындоо же бошотуу, сыйлоо же жаза колдонуу жөнүндө ж.б.);
- аракети бир жолку колдонуу менен чектелген;
- колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен;
- оперативдик-башкаруу мүнөзүндөгү (бир жолку тапшырмалар);
б) жогору турган мамлекеттик органдардын чечимдери аткаруу бийлигинин системасынын органдарына жана уюмдарына маалымдалуучу актылар;
в) аткаруу бийлигинин жогору турган органдардынын чечимдерин же алардын өзүлөрүнүн чечимдерин аткарууну уюштурууга багытталган жана жаңы укук нормаларын камтыбаган актьшар;
г) эгерде укук нормаларын камтыбаса, техникалык актылар (тарифтоо-квалификациялоосправочниктери, статистикалык байкоолордун түрлөрү ж.б.);
д) сунуш кылган актылар.
6. Ченемдик укуктук актылар милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет.
7. Ченемдик укуктук актылар катталгандан кийин алардын көчүрмөлөрү райондук кеңештин аппараты тарабынан эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагы көрсөтүлүү менен Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук акты жарыяланган күнү жөнөтүлөт. Нарын облустук юстиция башкармалыгы ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине алар өздөрүнө келип түшкөн күнү жөнөтүшөт.
8. Ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Жободо көрсөтүлгөн тартипте катталууга тийиш.
9. Ченемдик укуктук акты (анын түзүмдүк элементи) мыйзамда белгиленген тартипте Конституцияга ылайык келбейт же жараксыз деп табылса, ал жөнүндө маалымат тийешелүү сот тарабынан ушул ченемдик укуктук актыны каттаган Райондук кеңештин аппаратына соттун чечими күчүнө кирген күнү жиберилет. Ошол ченемдик укуктук актыны каттаган аппарат андай маалыматты алган күнү Нарын облустук юстиция башкармалыгы соттун чечими жөнүндө расмий кат жиберет.
Соттун жүйөлүү чечими акыркы (кат жүзүндөгү) формада ал күчүнө кирген күндөн баштап он күндүн ичинде райондук кеңештин аппаратына жөнөтүлүүгө тийиш, аппарат болсо соттун чечимин алган күнү аны Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберет. Соттун ченемдик укуктук актыны (анын түзүмдүк элементин) жараксыз деп табуу жөнүндө чечими белгиленген тартипте жокко чыгарылган учурда, андай чечим аны кабыл алган сот тарабынан ушул пунктта каралган тартипте жиберилүүгө тийиш.
Депутаттардын Кочкор райондук Кеңешинин төрагасы |
Э.Темиров |