Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-марты № 7/1
Кызыл-Кыштак айылдык кеңеши тарабынан кабыл алынган токтомдорду мамлекеттик тилде жазуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 22-февралындагы “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, 2013-жылдын 1-мартынан мыйзам күчүнө киргендигинин, “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 26-беренесиндеги өзгөртүүлөргө ылайык тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашаган шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органыны ченемдик укуктук актысынын мамлекеттик тилде гана кабыл алышына жол берилет”деп көрсөтүлгөндүгүнүн негизинде күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Кызыл-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин аймагында жашаган жарандар дээрлик бардыгы мамлекеттик тилди билгендиктен айылдык кеңештин сессиясында ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекетик тилде жазууга жол берилсин.
2. Айылдык кеңештин сессиясында ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун мамлекеттик тилде гана кароого киргизүүгө жана мамлекеттик тилде жазууга жол берилгендиктен токтомдорду расмий тилге которбой Ош облусун жана Ош шаардык юстиция министирлигине мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кызыл-Кыштак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иззатуллаев
|