Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-апрели № 8
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн
аткарылышы,2013-жылкы бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана Кызыл-Кыштак
айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаттык бирдик иш орундарын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2012-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы,2013-жылкы бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаттык бирдик иш орундарын бекитүү жөнүндө маселелерди көрүп чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2012-жылга киреше бөлүгүнүн аткарылышы 58341,8 миң сом ал эми бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 58019,9 миң сомго же 101,1% аткарылгаы белгиленсин.
3. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2013-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 57569,1 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 57569,1 миң сомго бекитилсин.
4. 2012-жылдын бюджетинен калдык болуп 2013-жылга калган - 321,9 миң сом, чыгаша болуп 321,9 миң сом сметанын негизинде жумшалсын.
5. Айыл өкмөтү, бюджетти аткаруу мезгилинде келип чыккан өзгөчө экономикалык маселелерди чечүүгө, бюджеттин чыгаша бөлүгүнө айылдык кеңештин финансы боюнча туруктуу комиссиясынын макулдуулугунун негизинде өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
6. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2012-жалкы КРсынын Өкмөтүнүн 28.05.2012-жылдагы №323 - Токтомунун негизинин штаттык бирдик иш орундар 37,0 деп макулдук берилсин жана анын ичинен 7 штат айыл башчылар, 5,0 штат АКБнүн инспекторлор бекитилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иззатуллаев
|