Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-апрели № 10
Керме-Тоо (Бель-Кыштак) айылына, Жаңы-Турмуш айылынын “Сүрөт-Таш”
жана Катта-Терек участкаларына “чек ара зоонасында жайгашкан айыл статусун” берүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык Кенешинин кезектеги IV-сессиясы (бешинчи шайланган ) күн тартибиндеги үчүнчү: Керме-Тоо (Бель-Кыштак) айылына, Жаңы-Турмуш айылынын “Сүрөт-Таш” жана Катта-Терек участкаларына “чек ара зоонасында жайгашкан айыл статусун” берүү жөнүндөгү, маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош облусу Кара-Суу району Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Керме-Тоо (Бель-Кыштак) айылына, Жаңы-Турмуш айылынын “Сүрөт-Таш” жана Катта-Терек участкаларына “чек ара зоонасында жайгашкан айыл деген статусу” берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2.Бул маселеге тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү, жогорку органдарга жөнөтүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыштак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иззатуллаев
|