Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-апрели № 15
Уюлдук байланыштардын аймактык бөлүмдөрү менен жабдууларын орнотуу
үчүн жер аянттарын убактылуу ижарага берүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык Кенешинин кезектеги IV-сессиясы (бешинчи шайланган) күн тартибиндеги сегизинчи: уюлдук байланыштардын аймактык бөлүмдөрү менен жабдууларын орнотуу үчүн жер аянттарын убактылуу ижарага берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уюлдук байланыштардын аймактык бөлүмдөрүнө жабдууларын орнотуу үчүн жер аянттары убактылуу ижарага берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап, келишим түзүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыштак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иззатуллаев
|