Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-июну № 25
Айылдык кеңеш тарабынан кабыл алган токтомдордун аткарылышы жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы күн тартибиндеги кошумча жетинчи, ”Айылдык кеңеш тарабынан кабыл алган токтомдордун (01.04.2013-ж.№13, 16.12.2010-ж. №71, 13.04.2012-ж.№147-тотомдор) аткарылышы жөнүндө” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурда кабыл алган (01.04.2013-ж.№13) токтомдун аткарууга айыл өкмөтүнүн жер адистерине 2013-жылдын 30-июнуна чейин мөөнөт берилсин.
2. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин13.04.2012-жылдагы №147-токтомунун негизинде Ош облусунун жана Ош шаарынын 40 жаранына турак-жай үчүн жер тилкелери ажыратылгандан кийин, Ош шаарынын жана башка региондордун тургундарына турак-жай үчүн жер аянтын берүү токтотулсун. Ген.пландагы калган жер тилкелери Кызыл-Кыштак айылдык округунун турак-жай куруу үчүн муктаж жарандарына берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткаралышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иззатуллаев
|