Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-июну № 26
Айылдык округдун аймагындагы кафе, ресторандардын,интернет клубдардын жана
башка оюн-зоок мекемелердин иштөө, спирттик ичимдиктерди сатуу убактыларына
чектөө киргизүү жана Жойпос ,Кайрыма каналдарынын сууларынын тазалыгын сактоо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы күн тартибиндеги кошумча сегизинчи: ”Айылдык округдун аймагындагы кафе-ресторандардын,интернет клубдардын жана башка оюн-зоок мекемелердин иштөө, спирттик ичимдиктерди сатуу убактыларына чектөө киргизүү жана Жойпос, Кайрыма каналдарынын сууларынын тазалыгын сактоо жөнүндө” маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы кафе-ресторандардын, интернет клубдардын жана башка оюн-зоок мекемелердин иштөө убактылары, жайкысын кечки саат 22-00 чейин,ал эми кыш мезгилинде кечки саат 19-00 чейин чектелсин.
2. Спирттик ичимдиктерди сатуу кечки саат 18-00 кийин токтотулсун.
3. Жойпос, Кайрыма каналдарына таштандыларды,кирдин сууларын, жугундуларды төккөндөргө, каналзацияларын түшүргөндөргө жана килем, палас жуугандарга 1000 сомдон айып салынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн .
5. Бул токтомдун аткаралышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иззатуллаев
|