Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № 28
Кызыл-Кыштак айылындагы жайгашкан мурдагы ”Төлөйкөн” участкалык оорукананын
имаратына түзүлгөн ижара келишиминин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу ижара
мөөнөтүн жана акысын кайра кароо жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги VI сессиясы күн тартибиндеги: Кызыл-Кыштак айылындагы жайгашкан мурдагы ”Төлөйкөн” участкалык оорукананын имаратына түзүлгөн ижара келишиминин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу ижара мөөнөтүн жана акысын кайра кароо жөнүндөгү экинчи маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айылында жайгашкан мурдагы ”Төлөйкөн” участкалык оорукананын имараты ижарачы А.Ташпулатовго 5-жылдык мөөнөткө жылына 12,0 миң сом төлөө менен ижарага берилсин жана жыл сайын 35 жакыр үй-бүлөлөрдөн оорулууларды бекер дарылоо милдеттендирилсин.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыштак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иззатуллаев
|