Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № 29
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
2013- жылга сунуштаган жайыттан пайдалануу үчүн акы төлөмдөрүн
бекитип берүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги VI сессиясы күн тартибиндеги: “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жылга сунуштаган жайыттан пайдалануу үчүн акы төлөмдөрүн бекитип берүү жөнүндөгү” үчүнчү маселени карап чыгып, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ай сайын жайыттан пайдалануу үчүн акы төлөмдөр төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин: жылкыга- 35,кулунга-25, топозго-30, ири мүйүздүү малдарга-25, торпокторго- 20, кой-эчкиге- 5, козуга-1, улакка- 2 сомдон,отун даярдагандарга- 500, чөп чабыкка- 500 сомдон, эгерде жайыт пайдалануучу башка айыл округдан болсо жогорудагы төлөмдөр эки эсеге көбөйтүлсүн.
2. Бекитилген төлөмдөрдү өндүрүү жайыт пайдалануучулар бирикмесине жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыштак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иззатуллаев
|