Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-августу № 30
Инвентаризацияда такталган жерлердин ижара акысын өндүрүүнү бекитип берүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылган) кезектеги VI сессиясы күн тартибиндеги: “Инвентаризацияда такталган жерлердин ижара акысын өндүрүүнү бекитип берүү” жөнүндөгү төртүнчү маселени карап чыгып, талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Инвентаризацияда такталган жерлердин ижара акысын өндүрүү 2013-жылдан түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлсүн.
2. Келишим түзүү, ижара акысын жана жер салыктарын өндүрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Кыштак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иззатуллаев
|