Редакцияот 28.10.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Кыштак айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2013-жылдын 28-октябры № 33

Ишкаван айылына катоочу кичиавтобустук маршуруттун жол акысын бекитип берүү жөнүндө

Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (бешинчи чакырылган) кезексиз VII сессиясы күн тартибиндеги: “Ишкаван айылына катоочу кичиавтобустук маршуруттун жол акысын бекитип берүү жөнүндөгү” үчүнчү маселени карап чыгып, талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ишкаван айылына катоочу кичиавтобустук маршуруттун жол акысы чоңдор үчүн 15 сом, мектеп окуучулары үчүн 1 сомдон,ал эми дем алыш жана каникуль күндөргө 4 сомдон бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Кызыл-Кыштак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Иззатуллаев