Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-марты № 37
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн
аткарылышы, 2014-жылкы бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана Кызыл-Кыштак
айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаттык бирдик иш орундарын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы, 2013-жылкы бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаттык бирдик иш орундарын бекитүү жөнүндө маселелерди көрүп чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2013-жылга киреше бөлүгүнүн аткарылышы 14284,2 миң сомго, ал эми бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 14878,8 миң сомго же 104,2 % аткарылгаы белгиленсин.
3. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетинин киреше бөлүгү 20963,1 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 20963,1 миң сомго бекитилсин.
4. 2013-жылдын бюджетинен калдык болуп 2014-жылга калган – 1018,5 миң сом, чыгаша болуп 1018,5 миң сом сметанын негизинде жумшалсын.
5. Айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмү , жыл ичиндеги бюджетти аткаруу мезгилинде келип чыккан экономикалык маселелерди чечүүдө, айылдык кеңештин финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясы менен өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укутуу.
6. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2014-жалкы кызматкелеринин типтүү түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 8-июль 2013-жылдагы № 403 - токтомунун негизинде 37 кызмат орду бекитилсин. Мындан- 6 штат айыл башчылар,- 7 штат АКСнун инспекторлору болуп бекитилсин.
7. Бул токтомду аткаруу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн ФЭБнө тапшырылсын жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иззатиллаев
|