Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-марты № 38
Кызыл-Кыштак жана Жаңы-Турмуш айылдарындагы мечиттерге коюлган аттарын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчн шайланган) кезектеги VIII сессиясы күн тартибиндеги үчүнчү маселе “Кызыл-Кыштак жана Жаңы-Турмуш айылдарындагы мечиттерге коюлган аттарын бекитүү жөнүндөгү” маселени көрүп чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айылындагы жаңы мечитке “Ар-рохма” деп атын коюу тууралу 2013-жылдын 24-ноябрындагы элдин чогулушунун № 1 - протоколу бекитилсин.
2. Жаңы-Турмуш айылындагы мечитке Убайдулло ажынын атын коюу боюнча 2013-жылдын 28-ноябрындагы элдик чогулуштун протоколу бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Иззатиллаев
|