Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-апрели № 16 / 105
Депутаттардын Сары-Булак айылдык округунун Кеңешинин - айылдык округунун 2009-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын отчётун бекитүү жөнүндө
Сары-Булак айылдык округдук Кеңешинин-айылдык округунун 2009-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө Сары-Булак айылдык округунун ФЭБнун башкы бухгалтери Жапарова Миранын отчётун, айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, салык боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ы.Элтуйбасовдун кошумча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Сары-Булак айылдык округунун Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Депутаттардын Сары-Булак айылдык округунун Кеңеши - Сары-Булак айылдык округунун 2009 - жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер 3664,8 миң сомго, чыгашалар 3696,2 миң сомго аткарылганы белгиленсин.
Жыл башында калган калдык 34,4 миң сомго, жыл аягында калган калдык 3,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
Депутаттардын Сары-Булак айылдык округунун кеңешинин төрагасы |
А.Байтереков |