Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VII сессиясы
2015-жылдын 24-февралы № 17-6
“Беш-Тал” көчөсүнүн жашоочуларынын 2015-жылдын 26-январындагы
жыйналышынын №1-токтомун бекитүү жөнүндө
Бел айыл аймагынын Борбаш айылындагы Беш-Тал көчөсүнүн жашоочуларынын жалпы жыйынынын токтомун угуп жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык Кенешинин (бешинчи чакырылышынын) он жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбаш айылынын Беш-Тал көчөсүнүн жашоочуларынын 2015-жылдын 26-январындагы № 1- токтому бекитилсин.
2. Борбаш айылынын Беш-Тал мааласынын Тупик көчөсүнө айылдын белгилүү инсаны Мусаев Темирбайдын аты коюлсун.
3. Көчөдөгү үйлөргө көчөнүн аты, № коюлган тактайчаларды илүү,көчөнү көрктөндүрүү тазалоо иштерин колго алуу маркумдун балдарына тапшырылсын
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев
|