Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VII сессиясы
2015-жылдын 24-февралы № 17-7
Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылдын 11-февралындагы “2014-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2015-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү” № 1 жалпы жыйынынын токтомун бекитүү тууралуу
Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылдын 11-февралындагы “2014-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2015-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү” № 1 жалпы жыйынынын токтомун депутаттардын айылдык кеңеши бекитүү максатында.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жылдын 11-февралындагы “2014-жылга жайыт пайдаланууда жүргүзгөн иштеринин аткарылышы жана 2015-жылга карата түзүлгөн божомол бюджети жөнүндөгү” № 1 жалпы жыйынынын токтому бекитилсин.
2. Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жыл үчүн түзүлгөн божомол бюджети бекитилсин жана малдарын жайытка чыгаруу мөөнөтүн тиркемеге ылайык, малдарын айдап чыгуусун көзөмөлгө алуу ЖПБнын төрагасы М. Муратовго тапшырылсын. (тиркеме тиркелет)
3. Бел жайыт пайдалануучулар арасында өрт коопсуздугун сактоо жана мал ылаңдарына каршы алдын-ала эмдөөлөрдүн өз убагында жүрүүсү боюнча жайытка чыккан малдардын эмдөөдөн өткөргөнү тууралуу ветеринардык аныктамалары менен чыгуусун көзөмөлдөө жагы ЖПБнын төрагасы М. Муратовго тапшырылсын.
4. Бел жайыт пайдалануучулар тарабынан пайдаланылган жайыт акыларын өз убагында өндүрүү жана мамлекеттик салыктарды, социалдык казынага жана башка төлөмдөрдү өз мөөнөтүндө төлөнүшүн камсыздоо жагы ЖПБнын төрагасы М. Муратовго тапшырылсын.
5. Ыңгайсыз жайыт жерлерин пайдалануу үчүн дарак олтургузуу жана деградациядан сактоо боюнча жайыт акылары төмөнкүдөй болуп белгиленсин; жаңыдан олтургузулган бак-дарактардын 1 га жер аянты үчүн 500 сомдон, 5 жылдын ашкан дарактардын 1 га жер аянты үчүн 3000 сомдон, жайыт жерлеринен топурак, шагыл, таш, кум алуучулар үчүн КАМАЗдын бир рейсине 200 сомдон, Зилге 150 сомдон, ГАЗ-53 автоунаасына 100 сомдон жана жайыттан кыйыр пайдалануучулар үчүн ар бир бал челекке 30 сомдон акы алынсын. Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-жыл үчүн түзүлгөн божомол бюджети бекитилсин жана малдарын жайытка чыгаруу мөөнөтүн тиркемеге ылайык, малдарын айдап чыгуусун көзөмөлгө алуу ЖПБнын төрагасы М. Муратовго тапшырылсын.
6. Жайыт жерлерине бак дарак эгип мурунтан тосуп алган жеке тараптардан белгиленген өлчөмдөгү жайыт акыларын чогултулсун. Эгерде мурунтан дарак эгип же чөп орунду катары тосуп алган жеке тараптар, жайыт акыларын төлөөдөн баш тарткан жеке тараптардын жерлерин алып коюу жана жайыттарды ачтыруу жагы ЖПБнын төрагасы М. Муратовго тапшырылсын.
7. Жайыт жерлеринин экосистемасын сактоо, малдардын ар кандай ылаңдарын алдын алуу максатында жайытка чыкчуу жолдорго айылдык аймактагы ветеринардык врачтар менен биргеликте ветеринардык, постторду уюштуруу жагы ЖПБнын төрагасы М. Муратовго жүктөлсүн.
8. Бел айылдык аймагына кирген Ноокат токой чарбасынын жайыт жерлерине 1 баш Карамал, Жылкы жана эчкилердин 1-айына 17-0 сомдон 3-айга 51,0 сом, койго айына 9,0 сомдон 3-айга 27,0 сом төлөп берүү сунушу жактырылсын.
9. Бел жайыт пайдалануучулар бирикмесинин курамына, Депутаттардын Бел айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, жер жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү киргизилсин.
10. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жер жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев
|