Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XМ сессиясы
2014-жылдын 9-октябры № 15/2
“Бел айыл аймагындагы Таш-Булак, Жаш айылдарына статус берүү жөнүндөгү жашоочулардын 20.10.2014-жылдын жалпы чогулушунун протоколун бекитүү жөнүндө”
Бел айыл аймагы Бел, Борбаш, Жаш, Таш-Булак айылдарынан турат. Бирок бүгүнкү күндө Жаш жана Таш-Булак айылдарына айыл статусу берилбегендиктен мамлекеттик классификаторго (САОТЕ) кирбей калган. Бул ошол айылдардагы ар түрдүү маселелердин туура чечилишине жолтоо болуп жатат. Айылдар айыл статусун алса, айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга эң чоң өбөлгө болот эле. Айылдын жашоочуларынын жалпы чогулуштарынын протоколдорун угуп жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (5-чакырылышынын) 15 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагындагы Жаш, Таш-Булак айылдарына айыл статусу берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн кызматчыларына тапшырылсын.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев
|