Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын II сессиясы
2013-жылдын 4-февралы № 2/3
Бел айылдык Кенешинин 2012-жылдын 20-апрелиндеги
сессиясынын №XX –II токтому менен бекитилген
2012-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндөгү токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 11-июнундагы Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү №78-жана “Жериликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү” 2003-жылдын 25-сентябрындагы № 215 Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына жана Республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык 2012-жылдын 2-жарым жыл ичинде такталган пландын неизинде түшкөн жана үнөмдөлгөн суммалар боюнча Бел айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айылдык Округунун бюджетинин 2012-жылда бекитилген пландан такталган планга карата 105,0 Бир жүз миң беш жүз сом эсебиндеги акча каражаты кирешелер жана чыгашалар боюнча берилген тиркемеге ылайык каржылоолор жүргүзүлгөндүгү белгиленсин. (тиркеме тиркелет)
2. 2012-жылда бекитилген сметада жергиликтүү бюджетке жана максаттуу грантика болон чыгашаларга карата өзгөртүүлөр киргизилгендиги белгиленсин.
3. Белгиленген акча каражаттаын мыйзам чегинде каржылоолорду жүрүзүү жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы С.Жарматовага жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев
|