Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын сессиясы
2013-жылдын 15-марты № 3-2
Бел айылдык Кеңешинин 2012-жылдын бюджетинин аткарылышы
жана 2013-жылдын бюджетинин бекитилиши жөнүндө
Бел айылдык Кеңешинин 2012-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2013-жылга бюджети жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын “2013-жылга Республикасынын бюджети жөнүндөгү”. Мыйзамынын негизинде Бел айылдык Кеңешинин 2013-жыл үчүн иштелип чыгылган бюджетинин долбоорун айылдык Кеңештин финансы бюджет боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жыл үчүн Бел айылдык Кеңешинин бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 25106,2 сом эсебинде бекитилсин.
2. Бел айылдык Кеңешинин бюджетинин чыгаша бөлүгү 2013-жылга түшкөн кирешелердин жана чыгашалардын чегинде ошону менен биринчи кезекте негизи статьяларга (эмек акы, соц казына, тамак-аш жана социалдык жеңилдиктерге) каржылоосу белгиленсин.
3. Бел айылдык Кеңешинин 2013-жылдагы бюджети 24660,3 миң сом, эсебинде 2014-жылдагы бюджети 24710,4 миң сом менен божомолу белгиленсин.
4. Бел айылдык Кеңешинин 2012-жылдын киреше бөлүгү 25481,0 миң сомго чыгаша бөлүгү 25017,1 миң сомго белгиленсин.
5. Бел айылдык Округунун бюджетинин 2013-жылдын 1-январына калган калдык 463,9 миң сом эсебиндеги акча каражаты чыгашалар боюнча тиркемеге ылайык каржылоолор жүргүзүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин бюджет жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Бекботоев
|