Редакцияот 24.09.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Байзак айылдык Кеңешинин сессиясы

 

2014-жылдын 24-сентябры № 3

 Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү

 кирешесине келип түшкөн 1665145 сом акча каражатын чыгымдоо жөнүндө

 

Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кирешесине келип түшкөн 1665145 сом акча каражатын чыгымдоо жөнүндө Байзак айыл аймагынын айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровдун билдирүүсү жактырылсын.

2. Тушкөн акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:

1 407 000 сому Спорт залды курууну баштоо үчүн тендерде уткан « Ай-Нур» ЖЧКсына которууга

52 000 сом А.Молдокеев атындагы орто мектебине генератор сатып алууга

20 000 сом жер тилкесин изилдөөгө

5 000 сом спорт зал үчүн АПЗ даярдоого

20 000 сом китеп сатып алууга

30 000 сом № 1 бригадага курулуп жаткан футбол талаасына

10 000 сом ГСМ үчүн

21 145 сом трансформаторлорду ремонттон өткөрүүгө

100 000 сом жайыт комитетине трактор сатып алууга

3. Бул токтомдо көрсөт үлгөн пункттарга ылайык акча каражатын бөлүштүрүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ ине тапшырылсын.

4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jumgal.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынынын мамлекеттик реестрине киргизъъ үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровго милдеттендирилсин

 

Байзак айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Шурубеков