Загрузка документа…
НАРЫН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-сентябры № 17/1
Депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» № 96, 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» № 101 Мыйзамдарына жана депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин Регламентинин VI бөлүгүнүн 16-главасына ылайык депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 5,10-бөлүгүнүн негизинде депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин 2008-жылдын 14-октябрындагы, 19-ноябрындагы жана 2009-жылдын 4-мартындагы I-II-III сессияларынын (II чакырылыштагы) № 1/2, № 2/2, № 3/9 токтомдору менен бекитилген депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин Регламенти тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен кабыл алынсын жана бекитилсин.
(Депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин Регламентинин толук редакциясы тиркелет).
2. Токтом тиркемеси менен облустук «Теңир Тоо» газетасына мамлекеттик тилде жарыялансын.
3. Облустук «Теңир Тоо» газетасына жарыяланган күнү райондук Кеңештин аппараты тарабынан эки нускада мамлекеттик тилде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагы көрсөтүлүү менен Нарын облустук юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин туруктуу комиссияларына жана райондук Кеңештин аппаратына тапшырылсын.
5. Бул токтом облустук «Теңир Тоо» газетасына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Нарын райондук кеңешинин төрагасы |
М. Курманкожоев |