Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айылдык Кеңешинин сессиясы
2014-жылдын 2-июлу № 2
«Беш-Сары» көмүр казуучу ишканасынан өндүрүлгөн 678476 сом акча каражатын чыгымдоо жөнүндө
Байзак айыл өкмөтү Байзак айыл аймагынын бюджетине соттук териштирүүсүнүн натыйжасында « Беш-Сары» көмүр казуучу ишканасынан өндүрүлгөн 678476 сом акча каражатын чыгымдоо боюнча Байзак айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Куугунды чөлкөмүнө кичи футболдук аянтча куруу үчүн керектуу материалдарды сатып алууга 178476 сом.
2. Айыл ичиндеги жолдордун кесилиштериндеги суу өткөн арыктарда көпүрөлөр жок болгондуктан ,көпүрө салуу учун трубаларды сатып алууга 275000 сом.
3. Алынып келинген трубаларды орнотуу жана анын айлана тегерегин туздөө учун кум,шагыл,топурак тартып келуугө 30000 сом.
4. Айыл аймагында аткарылып жаткан иштер жана жетишкендиктер жөнүндө « Кыргыз Туусу» газетасына атайын бет чыгарууга 12000 сом.
5. Орто-Кууганды чөлкөмүндөгү клубдун азасында ачылып жаткан жааматтык балдар бакчасынын айланасына балдар ойноочу жай куруу учун 30000 сом.
6. Автандил уулу Айткул балдар бакчасынын материалдык чыгымдары үчүн 20000 сом.
7. № 3 бригададагы балдар бакчасын сатып алуу дагы үчүнчү грант учун бериле турган акча учун 65970 сом.
8. Айыл өкмөтүнүн башка чыгымдарына жумшоо үчүн 67030 сом.
9. Бул токтомдо көрсөтүлгөн пункттарга ылайык акча каражатын бөлүштүрүү айыл өкмөтүнүн ФЭБине тапшырылсын.
10. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп jumgal.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынынын мамлекеттик реестрине киргизъъ үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
11. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровго милдеттендирилсин.
Байзак айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Шурубеков
|