Редакцияот 12.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мангыт айылдык Кеңешинин V чакырылышынын III сессиясы

 

2013-жылдын 12-марты № 3-10

Мангыт айылдык Кеңешинин укуктук-нормативдик

актыларын мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө

 

Депутаттардын Мангыт айылдык Кеңеши айылдык Кеңештин укуктук-нормативдик актыларын мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мангыт  айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын 99 пайызы кыргыз улутундагылар экендиги жана кыргыз тилинде сүйлөгөндүгүнө байланыштуу айылдык Кеңештин укуктук-нормативдик актылары мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2. Мангыт айылдык Кеңешинин кабыл алган укуктук нормативдик актылары басма сөз каржаттарында жана интернет сайттарда кыргыз тилинде жарыялансын.

 

Мангыт айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Торобаев