Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мангыт айылдык Кеңешинин V чакырылышынын V сессиясы
2013-жылдын 15-июну № 5-22
Мангыт айыл өкмөтүнө караштуу Кесек айлындагы үй-жай салууга
ажыратылган генпландагы ашыкча 371м.кв жер аянты жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айылдык Кеңеши Мангыт айыл өкмөтү тарабынан Кесек айылындагы үй-жай үчүн берилип бүткөн генпландагы ашып калган 371 кв.метр жер аянтты үй-жайга муктаждарга берүүгө уруксат берүүнү сураган айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангы айыл өкмөтүнүн Кесек айылына караштуу генпландагы ашыкча 371 кв.метр жер аянтына үй-жай салууга уруксат берилсин.
2. Кесек айылы боюнча үй-жай үчүн сурап, кезекте тургандарды иликтөө айылда түзлгөн турак-жай бөлүштүрүү комиссиясына тапшырылсын.
3. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысы А.Батыровго тапшырылсын.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Торобаев |