Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мангыт айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VII сессиясы
2013-жылдын 25-декабры № 7-37
Мангыт айыл өкмөтүнүн 2013-жыл ичинде бекитилген бюджетинин киреше жана
чыгаша бөлүктөрүнө кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мангыт айыл өкмөтү тарабынан айылдык округдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2013-жылга индикативдик планынын божомолуна кошумча өзгөртүүлөр даярдалып, Мангыт айыл өкмөтү тарабынан сунуш кылынып, айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясында талккуланып,2013-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мангыт айыл өкмөтүнүн 2013-жыл ичнде жергиликтүү бюджетинин кошумча түшкөн кирешелери жыл башында бекитилген планга карата 430,1 мин сом суммасында кошумчасы менен бекитилсин. (№1-тиркеме)
2. Кошумча кирешенин эсебинен билим берүү тармагына жана айыл чарба тармагына №2-тиркемеге ылайык чыгымдоого уруксат берилсин.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы Г.Букамбаевага жүктөлсүн.
Мангыт айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Торобаев |