Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIV сессиясы
2015-жылдын 19-марты № 01-05/140
Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн, ашканасын жана суу менен камсыздоо-сантехникалык жабдууларын капиталдык ремонтоо жөнүндө
Кочкор-Ата шаарынын 2015-жылга карата түзүлгөн иш-пландын долбооруна ылайык, Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн, ашканасын жана суу менен камсыздоо-сантехникалык жабдууларын капиталдык ремонтоо үчүн, республикалык бюджеттен түрткү берүүчү гранттан 1775552 сом акча каражаты суралып, долбоордун жалпы сметалык баасы 2276349 сомду түзөт. Анын ичинен мэриянын салымы 500797 сом. Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарына караштуу Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн, ашканасын жана суу менен камсыздоо-сантехникалык жабдууларын капиталдык ремонтоо үчүн, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 500797 (беш жүз миң жети жүз токсон жети) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Аталган акча каражатын табуу шаардык мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын мэри К.М.Эгембердиевге жана шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |