Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXIV сессиясы
2015-жылдын 30-марты № 01-05/141
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын 2014-жылга аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы Артыков Базаркулдун отчётун угуп жана талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 3-главасынын 3.3-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы Артыков Базаркулдун
2014-жылга аткарган иштеринин бир жылдык отчёту «каааттандырарлык» деп табылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин токтомдорун аткарбаган, Кочкор-Ата шаардык мэриянын жоопту кызматкерлерине чара көрүү, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун 2-пунктунун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын жалпы түрүнөн көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Д.Арстанбаевага милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Артыков |